«Ак-Жүрөк»

«Ак-Жүрөк»

Ош, Жардам борбору

Саламатсызбы, баракчабызга кош келдиңиз

Бул жерде биз менен жакындан таанышып, жасаган иштерибиз жөнүндө маалымат алыңыз. Кааласаңыз, бизге суроо узатып, же мүмкүн болсо колдоо көрсөтсөңүз да болот. А эгер жардамга муктаж болсоңуз, WhatsApp аркылуу биз менен байланышка чыгыңыз. Биздин миссиябыз — өлкөбүздүн түштүк аймактарындагы аялдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жашоо деңгээлин жогорулатуу жана турукташтыруу, кепилденген укуктарын камсыз кылуу.

Биз жөнүндө

Зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган аялдар үчүн кризистик борбор ишенимдүү таяныч. Анткени, мындай учурда өзүнө болгон ишенимин жоголуп, жалгызсырап, өзүңдү жана балдарыңды кантип коргоп, эмне кылышты билбей каласың. 
Биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, психологиялык травма же социалдык обочолонуу сыяктуу татаал кырдаалга туш болгон аялдарды коргойбуз жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз.
Тажрыйбалуу адистерибиздин тобу аялды угууга, түшүнүүгө жана кеңеш берүүгө даяр. Баарыбыз аялдардын көз карандысыздыгын жана өзүнө болгон ишенимин калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. 
Жалгыз эмес экениңизди унутпаңыз, биз жардам берүү үчүн бул жердебиз. Башка облуста жашап жатсаңыз дагы бизге жардамга кайрыла аласыз.

Сүрөттөрүбүз 12

Кызматтарыбыз

  • Пcихологиялык жардамПcихологиялык жардам
  • Социалдык колдооСоциалдык колдоо
  • Юридикалык жардамЮридикалык жардам
  • Балдарга жардамБалдарга жардам
  • Убактылуу турак-жайУбактылуу турак-жай
«Ак-Жүрөк» кризистик борбору активист жана лидер Дария Асилбекованын демилгеси менен 2002-жылы түзүлгөн. Жети жылдан кийин борбордо зомбулуктан жабыркаган аялдар жана алардын балдары үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылган.
Психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн «Ак-Жүрөк» жардам борборунда юрист/адвокат жана психолог иштейт. Алар кызматтары толугу менен акысыз жана анонимдүү.
Адвокат кеңештерден тышкары, зомбулуктан жабыркаган аялдын жана балдарынын укуктарын коргоо үчүн аны сотто жана башка органдарда коштоп жүрөт жана жоголгон документтерди калыбына келтирүүгө жардам берет.

Командабыз

Дарика Асилбекова
Директор

Сын-пикирлер

Сакен
20-дек. 2023

.

0

Биз жөнүндө сын-пикириңизди калтырыңыз

Жеке маалыматыңызды эч ким менен бөлүшпөйбүз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз берген маалыматыңызды иштетүүгө уруксат бересиз