Сайтты колдонуу шарттары, купуялуулук жана кукилер саясаттары

Бул сайттын жалпы колдонуу шарттарын жана Купуялуулук саясатын окуу кызыктуу эмес экенин жакшы билебиз. Бирок сиз сайттагы жүрүм-турум эрежелерин жана андагы формалар аркылуу берген маалыматтарыңыздын кантип колдонуларын түшүнгөнүңүз маанилүү деп ойлойбуз.
Анда эмесе, «Кайда Барам» веб-сайтында сакталган сиздин жеке маалыматыңызды биз кантип колдонгонубузду айтып берели. Негизи кээ бир учурларда (тагыраак айтканда, We Central Asia коомдук фонду же жөн эле «биз») колдонуучулардын макулдугу менен бизге жөнөтүлгөн жеке маалыматтарды алып, аны андан ары иштетебиз. Иштетүүдө эң жогорку принциптерди карманабыз.

Бул документте биз колдонгон терминдер

Колдонуучу – бул сайтка кирип, андагы материалдарды окуп, тесттерди өтүп, формаларды колдонгон ар бир адам.
Колдонуучунун дайындары  – «Кайда барам» колдонуучу тууралуу билген бардык маалыматтар.
Жеке маалыматтар – сайттагы формалар аркылуу алынган колдонуучуга тиешелүү ар кандай маалымат (аты-жөнү, телефону, электрондук почтасы).
Маалыматты иштетүү – колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуу, сактоо, өзгөртүү, башкалар менен бөлүшүү.

Негизги принциптерибиз

Биз колдонуучуларыбыздын жеке маалыматтарынын купуялуулугун бекем сактайбыз жана аны коргоо үчүн зарыл болгон бардык уюштуруучулук жана техникалык чараларды колдонобуз. Эгерде биз менен иштеген өнөктөштүрүбүздүн маалыматты колдонуу тажрыйбасынан күмөн санасак же алардын принциптери биздикинен айырмаланса, анда колдонуучуларыбыз бизге ишенип берген маалыматтарды алар менен бөлүшпөйбүз.

Биз иштеткен жеке маалыматтардын категориялары

Бул сайтта биз жеке маалыматтардын үч түрүн чогултабыз жана андан ары ишибизде колдонушубуз мүмкүн:
  • 1Идентификация – бул колдонуучунун аты-жөнү (эгер колдонуучу өз каалоосу менен сайттагы форма аркылуу бөлүшсө), башка идентификаторлор, IP дареги.
  • 2Байланыш маалыматы  – колдонуучунун электрондук почтасы же телефон номери (эгер колдонуучу өз ыктыяры менен сайттагы форма аркылуу бөлүшсө).
  • 3Жеке окуя/баян жана/же билдирүүнүн тексти – колдонуучу сайттагы формалардын эки түрүнүн бирөөсүн колдонуп толтурган текст. Ал формалар: «Баяныңыз менен бөлүшүңүз» жана «Кайрылуу формасы».
Бул жеке маалыматтарды төмөндө көрсөтүлгөн себептерден улам иштетебиз:
  • Сурооңуз же өтүнүчүңүз боюнча сиз менен байланышып, керектүү колдоо көрсөтүү
  • Сурооңуз же өтүнүчүңүз боюнча сизге кесипкөй кеңеш/жооп бере турган адиске жөнөтүү
  • Окуяңызды/баяныңызды сайттын «Сиздердин окуяларыңыздар» бөлүмүндө жарыялап чыгаруу үчүн
  • Сайттын статистикалык сандарын чогултуу үчүн. Бул бизге эки нерсе үчүн керек: биздин кызматыбыз колдонуучуларга жеткиликтүү экендигин көзөмөлдөө жана колдонуучуларыбыз биздин кызматыбызды кантип колдонуп жатканын түшүнүү, андан тышкары, ошол байкоолордун негизинде текстерибизди жакшыртуу.
Биз сиздин банктык картаңыздын реквизиттерин же башка төлөм куралдарын сактабайбыз. Кризистик борборлордун баракчаларында болгону сиз каржылык колдоо көрсөтө алышыңыз үчүн алардын банктык реквизиттерин көрсөттүк. Сиз ошол реквизиттер боюнча өзүңүздүн төлөм системаңыз аркылуу акча каражаттарын которо аласыз. Реквизиттердин тактыгы жана кайрымдуулуктун максаттарына биз жооп бербейбиз. Ошондой эле биз кризистик борборлордон бул каражаттар кайда коротулганы боюнча отчет берүүнү талап кылбайбыз.

Жеке маалыматтарды кимдер колдоно алат

Жогоруда айтылгандай, биз кээде тиешелүү коопсуздук чараларын эске алуу менен сиздин жеке маалыматыңызды өнөктөштөрүбүз менен бөлүшө алабыз. Мисалы сиздин сурооңузду же билдирүүңүздү психологго же юристке жиберишибиз мүмкүн, өз кезегинде алар сизге туура келген жоопторду даярдашат. Андан башка сиздин өтүнүчүңүздү тийиштүү кризистик борборго жиберишибиз мүмкүн, алар сизге жардамын сунуштай алышат. Маалымат катары сиздин аты-жөнүңүздү, телефон номериңизди же электрондук почтаңыз менен бөлүшөбүз.
Биз сактаган жеке маалыматтар сиздин ким экениңизди аныктоо үчүн колдонулбайт (юридикалык сөздөр менен айтканда: биз автоматташтырылган чечимдерди кабыл албайбыз жана бул маалыматтардын негизинде эч нерсени же эч кимди сүрөттөбөйбүз).

Колдонуучулар эмнеге укуктуу?

Биринчиден, колдонуучуларда бизге жиберген суроолорун жана өтүнүчтөрүн жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде баяныңыз сайтка жарыяланган болсо, анда аны да өчүрүп салууга болот. Ал үчүн kaidabaramkg@yandex.ru электрондук почтага жаңы өтүнүч менен кайрылыңыз.
Экинчиден, колдонуучулар өздөрүнүн аты-жөнүн, электрондук почтасын жана телефон номерин биздин маалымат базабыздан алып салууну талап кылууга укуктуу.
Үчүнчүдөн, колдонуучу жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берген күндө да, кийинчерээк ал макулдугунан баш тартууга укуктуу. 
Төртүнчүдөн, эгер колдонуучу анын укугу жана кызыкчылыгы бузулганына ишенсе, бизге доо арызы менен кайрыла алат. Биз абалды тууралоо үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Бул үчүн бизге kaidabaramkg@yandex.ru почтабызга жазыңыз.

Бул документ өзгөрүшү мүмкүн!

Биз жогоруда айтылган принциптерди каалаган убакта бир тараптуу өзгөртө алабыз. Ал өзгөрүүлөр күчүнө киргенге чейин эки жумадан кечиктирбестен колдонуучуларды эскертебиз.

«Кайда барам» кукилерди (cookie) кантип колдонот

«Кайда барам» интернеттеги көпчүлүк сайттар сыяктуу эле cookie файлдарын колдонот: бул колдонуучуларга кызматтарыбызды жакшы көрсөтүүгө, алардын дайыма түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушуна мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле маалыматтарды талдап, эмнени туура эмес кылып жатканыбызды жана күч-аракеттерибизди кайда жумшашты түшүнүүгө жардам берет. Бул документте биз cookie файлдарын кантип колдонгонубузду жана колдонуучулар аны менен эмне кыла аларын түшүндүрөбүз.

Куки (cookie) деген эмне?

Жалпысынан алганда, бул печенье (англис тилинен түз которгондо). Бирок биздин учурда андай эмес. Куки – бул сиздин компьютериңизде сиз кирген веб-сайттан сакталган маалыматтардын бир бөлүгү.
Биз кандай кукилерди колдонобуз жана кандай максатта?
Биз кукинин бир гана түрүн колдонобуз: статистиканы чогултуу үчүн Yandex.Metrica – биз үчүн сайт кандай окулуп же колдонулуп жатканын билүү маанилүү. Ошол маалыматтардын негизинде биз аудиториябыздын көлөмүн, ошондой эле эмнени туура жана туура эмес кылып жатканыбызды түшүнөбүз.
Кукилерди колдонгуңуз келбесечи?
Аларды браузериңиздин коопсуздук жөндөөлөрүнөн өчүрө аласыз. Жөндөөлөр сиз колдонгон бардык браузерлерде (компьютериңизде жана телефонуңузда) колдонулушу керек экенин түшүнүү маанилүү.