0%
Дал ушул суроо зордук-зомбулукка кабылган көптөгөн аялдардын оюн толгойт. Мындай суроого жооп табуу оңой эмес, бирок кайрыла турчу адам же жер жок дегенди билдирбейт. Сизге жардам бере турган борборлор бар. Болгону кайрылуу гана керек.
Plceholder centersPlceholder centers

Сиз жана жолдошуңуз

Ар бир мамиледе талаш-тартыш, түшүнбөстүктөр болот, бирок алар зомбулукка алып келсе – бул абдан жаман көрүнүш. Анткени, бир жолку зомбулук андан ары уланат жана күчөйт. Ошондуктан, зомбулук белгилерин өз убагында таануу маанилүү. Тесттен өтүп, жолдошуңуз экөөңүздөрдүн мамилеңиздерди талдап көрүңүз

Жети аялдын окуялары

Ар бир аял күчтүү жана кандай гана тоскоолдуктар болбосун, анын баарын жеңип кете аларын билебиз. Турмушта зомбулукка кабылып, татыктуу жашоого умтулууга күч тапкан аялдардын окуялары муну дагы да тастыктайт
Көп учурда зомбулук учурлары жашыруун бойдон кала берет. Андай нерсени ачык айтып чыгууга мүмкүнчүлүктөр болбойт. Бул аянтча сиздердин окуяңыздар үчүн ачык

Баяныңыз менен бөлүшүңүз

Эгер сиз дагы зомбулукка кабылган же күбө болсоңуз, өз окуяңызды биз менен бөлүшсөңүз болот. Кааласаңыз, өз атыңызды атабастан, билдирүүнү жашыруун калтыра аласыз. Канчалык окуялар көп болсо, ошончолук коомчулуктун көңүлүн бул көйгөйгө бура алабыз. Телефон номериңизди эч ким менен бөлүшпөйбүз
Жашаган жериңиз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз окуяңызды бул сайтка чыгарууга уруксат бересиз