«Аруужан-Каракол»

«Аруужан-Каракол»

Ысык-Көл, Жардам борбору

Саламатсызбы, баракчабызга кош келдиңиз

Бул жерде биз менен жакындан таанышып, жасаган иштерибиз жөнүндө маалымат алыңыз. Кааласаңыз, бизге суроо узатып, же мүмкүн болсо колдоо көрсөтсөңүз да болот. А эгер жардамга муктаж болсоңуз, Whatsapp аркылуу биз менен байланышка чыгыңыз.

Биз жөнүндө

Жалгыз эмес экениңерди унутпагыла! Курмандык сиздин өмүрүңүзгө арзыбайт. Зордук-зомбулукту эч нерсе актабайт, сиздин жашооңуз баа жеткис.
Зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган аялдар үчүн кризистик борбор ишенимдүү таяныч. Анткени, мындай учурда өзүнө болгон ишенимин жоголуп, жалгызсырап, өзүңдү жана балдарыңды кантип коргоп, эмне кылышты билбей каласың. 
Биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, психологиялык травма же социалдык обочолонуу сыяктуу татаал кырдаалга туш болгон аялдарды коргойбуз жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз.
Тажрыйбалуу адистерибиздин тобу аялды угууга, түшүнүүгө жана кеңеш берүүгө даяр. Баарыбыз аялдардын көз карандысыздыгын жана өзүнө болгон ишенимин калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. 
Жалгыз эмес экениңизди унутпаңыз, биз жардам берүү үчүн бул жердебиз. Башка облуста жашап жатсаңыз дагы бизге жардамга кайрыла аласыз.

Кызматтарыбыз

  • Пcихологиялык жардамПcихологиялык жардам
  • Шыктандыруучу кеңештерШыктандыруучу кеңештер
  • Юридикалык жардамЮридикалык жардам
  • Социалдык колдооСоциалдык колдоо
  • Билим алууга жардамБилим алууга жардам
  • Жумушка орношууга жардамЖумушка орношууга жардам
  • Медициналык жардамМедициналык жардам
  • Балдарга жардамБалдарга жардам
  • Убактылуу турак-жайУбактылуу турак-жай
  • Гуманитардык жардамГуманитардык жардам
«Аруужан-Каракол» кризистик борборубуз 2011-жылдан бери иштеп келет, 2014-жылдан бери зомбулуктун ар кандай формаларынан жабыркагандарга кызмат көрсөтүп келебиз.
2022-жылы Аксуу районунун Теплоключенка айылына көчүп келип, зордук-зомбулукка жана зомбулукка кабылган аялдардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча бир катар иш-чараларды аткарып жатабыз.

Командабыз

Нургуль Шаяхметова
Директор
Майрам Абдыкеримова
Администратор

Сын-пикирлер

Айнура
20-дек. 2023

.

0

Биз жөнүндө сын-пикириңизди калтырыңыз

Жеке маалыматыңызды эч ким менен бөлүшпөйбүз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз берген маалыматыңызды иштетүүгө уруксат бересиз