«Аялзат-РЖИ»

«Аялзат-РЖИ»

Ысык-Көл, Жардам борбору

Саламатсызбы, баракчабызга кош келдиңиз

Эгерде сиз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган болсоңуз, өзүңүздү коркунучта сезип жаткан болсоңуз же эмне кыларыңызды же кимге кайрылууну билбей турсаңыз, Аялзат-Каракол МККсына кайрылыңыз. Биз акысыз юридикалык жана психологиялык колдоо көрсөтөбүз, керектүү маалыматты беребиз. Бардык кызматтарыбыз жашыруун.

Биз жөнүндө

Жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын кабылгандардын саны өсүүдө. Зордук-зомбулук коркунучу көбүнчө үй-бүлөдө, эң жакын эркектерден – жубайлардан, чогуу жашаган адамдардан, аталардан, бир туугандардан келет.
Үй-бүлөдөгү зомбулук ар кандай формада болот. Эгерде физикалык таасир айкын болсо, эмоционалдык таасирди дароо аныктоо кыйынга турат, ошондуктан ал андан да чоң коркунучтуу. Эмоционалдык зомбулуктун кесепеттери дайыма тынчсыздануу, депрессия, алсыздык жана коркуу болот.
Аял мындай мамиледен чыгууну чечкенде, биринчи кезекте өзүн жана балдарын коргоо, бир катар юридикалык маселелерди чечүү, өз укуктарын билүү, психикалык жана физикалык ден соолугун тартипке келтирүү үчүн квалификациялуу юридикалык жардамга муктаж.  Юридикалык жана психологиялык кызматтардын кымбаттыгы жана сапаттуу квалификациялуу жардамдын жетишсиздиги чоң бир тоскоолдук жаратат.
«Аялзат-Каракол» борбору сизди кыйын кырдаалда колдоп, туура чечим табууга жардам берет.  
Сиз башка облуста жашап жатсаңыз дагы бизге жардамга кайрыла аласыз

Сүрөттөрүбүз 7

Кызматтарыбыз

  • Пcихологиялык жардамПcихологиялык жардам
  • Юридикалык жардамЮридикалык жардам
  • Шыктандыруучу кеңештерШыктандыруучу кеңештер
  • Билим алууга жардамБилим алууга жардам

Биздин миссиябыз

Аялдардын жарандык, социалдык, маданий жана башка укуктарын коргоо, аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жок кылууга көмөктөшүү, аялдардын демилгелерин ар тараптуу колдоо, элдик салттарды, үрп-адаттарды, кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, билим жана маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү аялдардын ролу, күчтүү жарандык коомду түзүү максатында калкты укуктук жактан тарбиялоо

Командабыз

Дарика Асанбаева
Жетекчи
Айнура Кабылова
Юрист
Елена Малкина
Психолог
Мира Абдыраимова
Юрист-адвокат

Биз жөнүндө сын-пикириңизди калтырыңыз

Жеке маалыматыңызды эч ким менен бөлүшпөйбүз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз берген маалыматыңызды иштетүүгө уруксат бересиз