«Каниет»

«Каниет»

Жалал-Абад, Жардам борбору

Саламатсызбы, баракчабызга кош келдиңиз

Бул жерде биз менен жакындан таанышып, жасаган иштерибиз жөнүндө маалымат алыңыз. Кааласаңыз, бизге суроо узатып, же мүмкүн болсо колдоо да көрсөтсөңүз болот. Эгер жардамга муктаж болсоңуз, WhatsApp же Telegram аркылуу биз менен байланышка чыгыңыз.

Биз жөнүндө

Зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган аялдар үчүн кризистик борбор ишенимдүү таяныч. Анткени, мындай учурда өзүнө болгон ишенимин жоголуп, жалгызсырап, өзүңдү жана балдарыңды кантип коргоп, эмне кылышты билбей каласың. 
Биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, психологиялык травма же социалдык обочолонуу сыяктуу татаал кырдаалга туш болгон аялдарды коргойбуз жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз.
Тажрыйбалуу адистерибиздин тобу аялды угууга, түшүнүүгө жана кеңеш берүүгө даяр. Баарыбыз аялдардын көз карандысыздыгын жана өзүнө болгон ишенимин калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. 
Жалгыз эмес экениңизди унутпаңыз, биз жардам берүү үчүн бул жердебиз. Башка облуста жашап жатсаңыз дагы бизге жардамга кайрыла аласыз.
Биздин борбордогу кызматкерлердин көпчүлүгү аялдар. Эң чоң көйгөй болуп саналган үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун болуусуна, анын санынын өсүп келүүсүнө биз кайдыгер карап четте тура албайбыз.

Кызматтарыбыз

  • Пcихологиялык жардамПcихологиялык жардам
  • Социалдык колдооСоциалдык колдоо
  • Юридикалык жардамЮридикалык жардам
  • Билим алууга жардамБилим алууга жардам
  • Балдарга жардамБалдарга жардам
  • Убактылуу турак-жайУбактылуу турак-жай
Коопсуздук сиздин жана балдарыныздын баа жеткиз берекеси. Коопсуз үй-бүлдө гана өнүгүү, бакыт, бакубат жашоо болот.
Зомбулуктан өзүңүздү, үй-бүлөңүздү сактап калуу сиздин гана колуңузда. Биз сизге жол көрсөтөбүз, кеңеш беребиз. 

Бизге көмөк көрсөтүүнү каалайсызбы?

Ооба, каалайм

Командабыз

Гульмайрам Аттокурова
Директор
Назгуль Ташматова
Үй-бүлөлүк жана балдар психологу
Алина Сапарбек кызы
Социалдык кызматчы
Мээрим Кожомбердиева
Бухгалтер
Жанна Саралаева
Гендердик эксперт, тренер
Гулиза Алимбаева
Кейс-менежер

Биз жөнүндө сын-пикириңизди калтырыңыз

Жеке маалыматыңызды эч ким менен бөлүшпөйбүз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз берген маалыматыңызды иштетүүгө уруксат бересиз