«Жаныл Мырза плюс»

«Жаныл Мырза плюс»

Баткен, Жардам борбору

Саламатсызбы, баракчабызга кош келдиңиз

Бул жерде биз менен жакындан таанышып, жасаган иштерибиз жөнүндө маалымат алыңыз. Кааласаңыз, бизге суроо узатып, же мүмкүн болсо колдоп койсоңуз да болот. А эгер жардамга муктаж болсоңуз, WhatsApp аркылуу биз менен байланышка чыгыңыз. Биз онлайн же телефон аркылуу гана колдоо көрсөтөбүз

Биз жөнүндө

Зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган аялдар үчүн кризистик борбор ишенимдүү таяныч. Анткени, мындай учурда өзүнө болгон ишенимин жоголуп, жалгызсырап, өзүңдү жана балдарыңды кантип коргоп, эмне кылышты билбей каласың. 
Биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, психологиялык травма же социалдык обочолонуу сыяктуу татаал кырдаалга туш болгон аялдарды коргойбуз жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз.
Тажрыйбалуу адистерибиздин тобу аялды угууга, түшүнүүгө жана кеңеш берүүгө даяр. Баарыбыз аялдардын көз карандысыздыгын жана өзүнө болгон ишенимин калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. 
Жалгыз эмес экениңизди унутпаңыз, биз жардам берүү үчүн бул жердебиз. Башка облуста жашап жатсаңыз дагы бизге жардамга кайрыла аласыз.

Кызматтарыбыз

  • Пcихологиялык жардамПcихологиялык жардам
  • Юридикалык жардамЮридикалык жардам
  • Шыктандыруучу кеңештерШыктандыруучу кеңештер
  • Социалдык колдооСоциалдык колдоо
  • Билим алууга жардамБилим алууга жардам
  • Тиричилик жардамТиричилик жардам
  • Балдарга жардамБалдарга жардам
  • Жумушка орношууга жардамЖумушка орношууга жардам
  • Гуманитардык жардамГуманитардык жардам
«Жаңыл Мырза: Аялды татаал кырдаалда колдоо, жүрөктөн жүрөккө!» — ишеним телефону, кеңештер, тренингдер.

Бизге көмөк көрсөтүүнү каалайсызбы?

Ооба, каалайм

Командабыз

Токтокан Мамбетова
Жетекчи
Раушан Муктар уулу
Юрист
Айгерим Эркинова
Психолог

Сын-пикирлер

Саадат
21-дек. 2023

.

0

Биз жөнүндө сын-пикириңизди калтырыңыз

Жеке маалыматыңызды эч ким менен бөлүшпөйбүз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз берген маалыматыңызды иштетүүгө уруксат бересиз