Психологиялык кеңештер

Психологиялык кеңештер

Психикалык ден соолукту кантип сактоо керек? Маанайды кантип жакшыртууга болот? Бул суроолорго жооп табууга адистер жардам бере алат. Бирок сиз жашаган жерде психолог жок болушу мүмкүн. Суроолоруңузду баракчанын аягындагы форма менен бизге жибериңиз, бул жерде жоопторду чыгарып турабыз
10 суроо-жооп
Көчүрүп бөлүшүү
1. Эмоционалдык жараларымды кантип айыктырам?
2. Эмне үчүн мени менен ушундай болуп жатат? Буга өзүм күнөөлүүмүнбү?
3. Мен өзүмө жана башкаларга ишенбейм. Эмне кылышым керек?
4. Айланамдагылар мени түшүнбөйт. Сабырдуу бол дешет
5. Мен өзүмө ишенгим келет. Эмне кылышым керек?
6. Кантип зыяндуу мамиледен арылам?
7. Кайра зыяндуу мамилеге кайра түшүп калбаш үчүн эмне кылуу керек?
8. Өнөктөшүм/жолдошум эч жардам бербейт жана иштегиси келбейт. Эмне кылуу керек?
9. Никеде сексуалдык зордук-зомбулук болбойт
10. Балдарымчы? Мен алар үчүн чыдашым керек

Эмоционалдык жараларымды кантип айыктырам?

Бул оңой эмес экенин түшүнөбүз. Бирок сиз жасашыңыз керек болгон биринчи кадам – эмоцияларды сезүү жана моюнга алуу. Аларды коё бериш үчүн алгач кабыл алышыңыз керек. Мында сизге жакын адамдарыңыз менен сүйлөшүү жардам берет: бул досуңуз, эжеңиз же апаңыз болушу мүмкүн. Сүйлөшүү сизге жардам бербегендей сезилиши мүмкүн, бирок бул маанилүү, анткени сиз жан дүйнөңүздөгү жүктөн арылууңуз керек. 
Сиз жашаган жерде психолог жок болсо, анда райондун же облустун борборуна барганыңызда, сөзсүз түрдө психологго барганга же телефон чалганга аракет кылыңыз. Эмоционалдык жаранын айыгуусуна көп убакыт талап кылынат, бирок бул ишке ашчу нерсе. Азыркы учурга көңүл буруңуз. 
Жөнөкөй жана оңой максат коюңуз. Кичине бир максатка жетүү да жеңишти сезүүгө жардам берет. Өзүңүзгө сабырдуу мамиле кылыңыз, бакытка татыктуу экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз. Сиз бул кыйынчылыктарды жеңе аласыз. Өзүңүзгө ишениңиз!
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Эмне үчүн мени менен ушундай болуп жатат? Буга өзүм күнөөлүүмүнбү?

Эсиңизде болсун! Сиз күнөөлүү эмессиз. Сизге физикалык жана моралдык кордук көрсөткөн адам гана күнөөлүү! Дайыма.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Мен өзүмө жана башкаларга ишенбейм. Эмне кылышым керек?

Адамдарга ишенүүнү каалабагандык көбүнчө азаптуу тажрыйбалар менен байланыштуу. Аны эс-тутумубузда майда-чүйдөсүнө чейин калыбына келтиргенден кийин, коркунуч бардык адамдардан эмес, мурда биздин ишенимибизди кыянаттык менен пайдаланган конкреттүү бир адамдан келип чыкканын түшүнөбүз.
Обочолонуу коркунучту азайтпайт. Башкаларга ишенбестик менен өзүңүздү куткарып калбайсыз, бирок көптөгөн жакшы нерселерден калып каласыз. Мисалы сизге бирөө белек берсе же комплимент айтса, “алар мени сатып алууга аракет кылып жатабы же ошону менен өз катасын оңдоп жатабы” деген шектүү ойлор менен өзүңүздүн тынчыңызды аласыз. Жакшылап ойлоп көрүңүзчү, жашооңузда көптөгөн адамдар жолугат, алар ар түрдүү. Балким белекти чын дилинен берип жатат. Бул жагдайда ишеним көрсөтүшүңүз керектир?
Өзүңүзгө бир нече суроо бериңиз: ишенбөөчүлүк көбүнчө кандай шартта пайда болот? Каржы тармагындабы же башкалар менен мамиледеби? Мунун кесепети кандай: обочолонуу сезими күчөйбү, мүнөзүңүз катаал боло баштайбы? Кантип жүрүм-турумуңузду өзгөртө аласыз? Ишенбөөчүлүк депрессиянын белгиси болушу да мүмкүн. Бул боюнча психотерапевтке кайрылуу керек.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Айланамдагылар мени түшүнбөйт. Сабырдуу бол дешет

Үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдап, жашыруу же жардам издөө – бул сиздин жеке тандооңуз, бирок өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салбаганыңыз туура.
Коркунучта жакындарыңыз же досторуңуз эмес, сиз жашайсыз. Коом сиздин үй-бүлөңүздү сактап, бактылуу кылууну өзүнүн милдети деп эсептейт, бирок чындап эле ошол нерсе сизди бактылуу кыла алабы? 
Сизге карата зордук-зомбулук дароо токтотулушу керек. Өнөктөшүңүзгө сизге мындай мамиле жасоо мүмкүн эместигин билдириңиз. Ал эми зордук-зомбулук аракеттери мыйзам алдында каралышы керек.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Мен өзүмө ишенгим келет. Эмне кылышым керек?

Эгерде сиз өзүңүзгө ишенүүнү үйрөнгүңүз келсе, анда өзүңүз менен талыкпай иштөөгө туура келерин түшүнүңүз. Ал үчүн билим, жөндөм жана турмуштук тажрыйба керек болот. Мунун бардыгын өзүңүзгө карата туура мамиле жасоо, кемчиликтериңизди жана артыкчылыктарыңызды кабыл алуу, күчтүү жактарыңызды сезүү жөндөмдүүлүгүңүз менен бекемдешиңиз керек.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Кантип зыяндуу мамиледен арылам?

Эң негизгиси, ар кандай адамдардын бир эле нерсеге болгон мамилеси ар кандай экенин түшүнүү. Өнөктөштүн системалуу чыр-чатактары, жемелөөлөрү жана шылдыңдоолору, жеке чектерди такай бузуу, сурабай туруп каттарды окуу, ультиматумдар жана каалоолоруңузга көңүл бурбоо - мунун баары сиздин туура эмес мамиледе экениңизди билдирет.  Чек араңызды белгилеп, акырындык менен абьюзер/агрессордон алыстаңыз. Алгач өзүңүзгө, ишериңизге жана досторуңузга көңүл буруңуз. Кийинки эрежени эстеп калыңыз: эгер кимдир бирөө сизге үч жолу жамандык кылса, төртүнчүсүндө аны кое бериңиз – ал адам өзгөрбөйт.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Кайра зыяндуу мамилеге кайра түшүп калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Ким экениңизди ойлонуңуз. Жалгыздык сезиминен жапа чеккен, ар дайым ар бир нерсенин жакшы жагын гана көргөн адамдар, "куткаруучулар", ошондой эле соо эмес чөйрөдө чоңойгондор көбүнчө зыяндуу мамилеге кабылышат. Кайрадан мындай мамилеге түшпөө үчүн кайсы категорияга кирээриңизди түшүнүп, өзүңүз менен иштеп баштооңуз керек. Өзүңүздүн психологиялык чектериңизди так түшүнүп, аларды коргоп,  ал жөнүндө сүйлөшкөндү үйрөнүп, башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн бузбашыңыз керек. Бул абдан маанилүү жөндөмдөр.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Өнөктөшүм/жолдошум эч жардам бербейт жана иштегиси келбейт. Эмне кылуу керек?

Тилекке каршы, эгерде адам өз ыктыяры менен бир нерсе кылгысы келбесе же өз билгениндей кылса, анда сиз жасай ала турган нерсе дээрлик жокко эсе. Анын жүрүм-турумунун жана мындай мамилесинин себептерин таап, түшүнүүгө аракет кылуу керек. Ким эмне үчүн жооп берерин талкуулап алыңыз. Ортоңуздардагы мурдагы келишимдерге кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот.
Эсиңизде болсун, мамиле – бул жандуу нерседей. Анда бир нерсени биротоло макулдашып алып, белгиленген милдеттерден чыкпай жүрүү мүмкүн эмес. Жашооңуздар тууралуу пикир алмашып, оюңуздарды жана сезимиңиздерди дайым билдирип туруу керек.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Никеде сексуалдык зордук-зомбулук болбойт

Болгондо да, кандай болот! Үйүндө сексуалдык зордук-зомбулукка кабылгандардын көбү кырдаалдын курмандыгы экендигин түшүнүшпөйт. Өнөктөш психологиялык амалдарды колдонушу мүмкүн: күнөөлөйт, милдет кылат, басым жасайт, “ажырашам” же “көзгө чөп салам” деген коркутуулар менен манипуляциялайт. Ошондуктан жубайлардын ортосундагы сексуалдык зомбулуктун жашыруун түрлөрү биз ойлогондон да көбүрөөк кездешет.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Балдарымчы? Мен алар үчүн чыдашым керек

Ата-эненин ортосундагы зомбулукка күбө болгон балдар физикалык жактан болбосо да, психикалык жактан жабыркайт. Бул алардын эмоционалдык абалына, курбулары менен болгон мамилесине, окуусуна терс таасирин тийгизет. Демек, тиран менен ажырашуу – бул өзүңүздү эле коргоо эмес, балага да коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу. Ошондой эле мындай мамилелер нормалдуу эмес экенин балага көрсөтүү мүмкүнчүлүгү.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Консультант

Адинай Жапаралиева
Адинай Жапаралиева
Психолог, гендердик эксперт, Vmeste VitaWorld. Вместе ВитаМир.
Толугураак

Суроолоруңузду бизге жибериңиз

Сиз менен кантип байланышсак болот
Жардамдын же суроонун түрүн тандаңыз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз берген маалыматыңызды иштетүүгө уруксат бересиз