Шыктандыруучу кеңештер

Шыктандыруучу кеңештер

Кайда гана болсоңуз да, өзүңүздүн кыялдарыңызды ишке ашырууга, ийгиликтүү жана бактылуу болууга татыктуусуз. Бул нерселерге кантип жетүү керектиги тууралуу суроолорго биздин өнөктөш психолог жооп берет. Эгер сизге туура келген жооптор бул жерде болбосо, баракчанын аягындагы форма аркылуу суроолоруңузду жибериңиз
5 суроо-жооп
Көчүрүп бөлүшүү
1. Мен көз карандысыз болгум келет. Эмне кылышым керек?
2. Менин күчтүү жактарым кайсылар жана аларды кантип колдоно алам?
3. Кандай ыкмалар өзүмдү күчтүүрөөк сезүүгө жардам бере алат?
4. Кантип мен өзүмдүн жашоомду көзөмөлгө алам?
5. Коопсуз келечекти куруу үчүн кандай кадамдарды жасай алам?

Мен көз карандысыз болгум келет. Эмне кылышым керек?

Азыр сиз үй-бүлөңүздөн эмоционалдык жактан көз каранды экениңизди моюнга алышыңыз керек. Андан кийин жашооңуздан эмнени каалап жатканыңызды чечиңиз (пландарыңыз сиздин ишиңизге, жашаган жериңизге ж.б. тиешелүү болушу мүмкүн) жана бул пландарыңызды жакындарыңызга айтып бериңиз. Бул сиздин чоң адам экениңизди айкын көрсөтөт - сиз өз иш-аракеттериңиз үчүн жоопкерчиликтүү боло аласыз, өзүңүздү колдой аласыз, чечим кабыл алып, баштаган ишиңизди аягына чейин жеткире аласыз. 
Сиз жана сиздин жакындарыңыз бир бүтүн эмес, ар башка адамдар экениңизди унутпаңыз. Ошондо гана сиз өз алдынча адам боло аласыз, башкача айтканда, өз баркын билген жана башкалардын пикиринен көз каранды болбогон, “жок” деп айтканды билген жана четке кагууларга таарынбаган, качан жардам сураш керектигин билген жана аны кабыл алууга даяр болгон, ошондой эле сунушталган жардам менен жүктөлгөн жардамдын ортосундагы айырманы жакшы көрө билген адам боло аласыз.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Менин күчтүү жактарым кайсылар жана аларды кантип колдоно алам?

Өзүңүздүн күчтүү жана алсыз жактарыңызды түшүнүү жеке жашооңузду жакшыртууга жана баарлашуу көндүмдөрүңүздү өнүктүрүүгө жардам берет. Өзүн-өзү таануу – бул эң сонун курал, бирок көптөгөн адамдар өзүн таанып баштоодо кыйынчылыктарга же ыңгайсыздыктарга дуушар болгондуктан, ага көңүл бурбайт. Сиздин күчтүү деп ойлогон сапатыңыз башка адамдар үчүн андай эсептелбеши мүмкүн, бул адамдын айрым өзгөчөлүктөрүн категорияга бөлүүнү кыйындатат.
Күчтүү сапаттарыңызды аныктоо үчүн, өзүңүзгө төмөнкү суроолорду бериңиз:
  • Мен кайсы жаатта жакшымын?
  • Мен эмнени эң мыкты кылам?
  • Менин жөндөмдөрүм жана таланттарым кандай?
  • Мага эмне түрткү жана дем берет?
Өзүңүздүн күчтүү жактарыңызды аныктагандан кийин, аларга көбүрөөк көңүл буруңуз. Аларды өнүктүрүп, күнүмдүк турмушта колдонуңуз. Алсыз жактарыңызды моюнга алуудан коркпоңуз жана аларды жакшыртууга аракет кылыңыз. Өзүңүздүн жеке өсүшүңүзгө салым кошо турган кичинекей жана чоң максаттарды коюңуз. Ар бир адам уникалдуу жана өзүнүн жеке күчтүү жана алсыз жактары бар экенин эстен чыгарбоо керек. Потенциалыңызды өнүктүрүңүз жана муну менен токтоп калбаңыз!
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Кандай ыкмалар өзүмдү күчтүүрөөк сезүүгө жардам бере алат?

Алдыңызга өзүңүз койгон маселелерди чече алсаңыз, сизде ишеним пайда болот. Маселелер жөнөкөй же татаал болушу мүмкүн, бирок алардын аткарыла турганына ишенишиңиз керек. Баары дайыма эле ойдогудай боло бербейт. Эгер бир нерсе ишке ашса, бул абдан жакшы жана ал кокусунан болгон жок – сиз өз ийгилигиңизге татыктуусуз. Аткарылган тапшырмалар үчүн өзүңүздү сыйлаңыз, мактаңыз. Сиз мыкты кыла алган нерселерди көз жаздымда калтырбай, дайыма эсиңизге ала жүрүңүз жана өнүгүү үчүн негиз катары колдонуңуз. Эгер маселе ийгиликтүү болбосо, бул абалдан чыгып, жаңы нерсени жасоого аракет кылыңыз. Башкысы – эч нерседен коркпоңуз.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Кантип мен өзүмдүн жашоомду көзөмөлгө алам?

Баарыбыз сыртыбыздан дайыма жакшы болуп көрүнүүгө аракет кылабыз. Жасалма жылмаюуну таштап, көйгөйдүн бар экенин моюнга алуу оңой эмес. Болгону бир нерсени түшүнүү керек: жашоодогу баш аламандык учурлары – бул ар кимде болуп туруучу кадимки көрүнүш. 
Эгер сиз жашооңузду башкара албай жатканыңызды сезсеңиз, өзүңүзгө көңүл буруңуз. Өзүңүзгө кам көрүү биринчи орунда болушу керек. Аракеттерди көрө баштаңыз. Дүйнө дайым тынымсыз кыймылда, анда ар кандай өзгөрүүлөр болуп турат. Эгер сиз дагы өзгөрүүгө даяр болбосоңуз, артта каласыз. Ошондуктан чара көрүү абдан маанилүү. Негизги максатыңызды аныктап, ага эмне үчүн жетүүнү каалап жатканыңызды билгенден кийин, абалыңызга эң чоң өзгөрүүлөрдү киргизе турган жеке тапшырмалардын тизмесин түзө баштаңыз.
Негизгиси – кыймылда болуу. Парето принцибине ылайык сиздин 20% аракетиңиз 80% натыйжа берет.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Коопсуз келечекти куруу үчүн кандай кадамдарды жасай алам?

Позитивдүү психологиянын көз карашы боюнча план түзүүдө мурдагы жана азыркы нерселерге таянбай, келечектин имиджин түзгөн эң жакшы. Анткени пландаштырууну биз учурдагы натыйжалардан жана милдеттерден эмес, кыялдануу жана келечекти көрүүдөн баштаганда, жашообузду бүдөмүк көз караштан алыстап, нерселерге ар тараптуу карай алабыз. 
Кийинки маанилүү кадам – ​​бул сиз тандаган келечекке жакындаткан нерселер жөнүндө ойлонуу. Мында мурда болуп өткөн анча-мынча оң өзгөрүүлөрдү да белгилөө абдан маанилүү. Алар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Негизи эле эмне туура эмес болуп жатканын, эмне ишке ашпай жатканын гана эмес, ошондой эле эмнелер натыйжалуу болгонун, келечекте кандай көндүмдөрдү колдоно аларыңызды жана кайсы нерселерден оолак болууну байкаганды билүү абдан керектүү жөндөм.
Жооп берген: Адинай Жапаралиева

Консультант

Адинай Жапаралиева
Адинай Жапаралиева
Психолог, гендердик эксперт, Vmeste VitaWorld. Вместе ВитаМир.
Толугураак

Суроолоруңузду бизге жибериңиз

Сиз менен кантип байланышсак болот
Жардамдын же суроонун түрүн тандаңыз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз берген маалыматыңызды иштетүүгө уруксат бересиз