Юридикалык кеңештер

Юридикалык кеңештер

Кайсы мыйзамдар сизди коргойт? Кайсыл жакка жана кимге кайрыла аласыз? Кандай гана кырдаал болбосун, бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керек. Биздин өнөктөш юристтер сиздин суроолоруңузга жооп берүүгө даяр. Аларды баракчанын аягындагы форма менен бизге жибериңиз, бул жерде жоопторду чыгарып турабыз
5 суроо-жооп
Көчүрүп бөлүшүү
1. Менин кандай укуктарым бар? Кайсы мыйзамдар мени коргойт?
2. Үй-бүлөлүк зомбулук абалында балдарымдын укуктарын жана коопсуздугун кантип коргой алам??
3. Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу арызды кантип бериш керек?
4. Зомбулукту тастыктаган кандай далилдер керек?
5. Убактылуу коргоо ордеринин эмне пайдасы бар?

Менин кандай укуктарым бар? Кайсы мыйзамдар мени коргойт?

Ар бир адамдын төрөлгөнүнөн баштап ажыратылгыс укуктары жана эркиндиктери бар. Муну Баш мыйзам дагы, жалпы эле мыйзамдар дагы тааныйт. Алар кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголот.
Эгерде сиз үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан болсоңуз, анда сиз өзүңүздүн (балдарыңыздын) укуктарыңыздын корголуусун сураганга акыңыз бар. Сиз жалгыз эмессиз. Мыйзам сиздей үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоо үчүн бир топ мамлекеттик органдарды аныктап, жабыр тарткан адамдарга жардам берсин деп милдет койгон. Алардын ичине ички иштер органдары (милиция), сот, прокуратура, социалдык өнүктүрүү органдары, саламаттык сактоо органдары, Акыйкатчы, адвокаттар, жергиликтүү органдар жана башкалар кирет. 
Булар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чектеринде сизге юридикалык, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамын көрсөтүшү керек.
Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле кризистик борборлордо, баш калкалоо жайларында социалдык-психологиялык жардам алууга укугуңуз бар. Сиздин ушундай мекемелерге кайрылганыңыздын өзү эле ал жардамды бергенге негиз болот.
Жооп берген: Бекболот Касаболотов

Үй-бүлөлүк зомбулук абалында балдарымдын укуктарын жана коопсуздугун кантип коргой алам??

Биринчи кезекте балдардын кызыкчылыгын ойлош керек.
Жашоо ар кандай, уруш-талаш кээде баарында эле болот, чыдаш керек деп алданбагыла. Сиздин чечимиңиз балдардын коопсуздугуна таасир этет. Балдарга эч ким кол көтөрбөсө деле, үй-бүлөдөгү зомбулук абалында балдар психологиялык зомбулукка дуушар болушу мүмкүн.
Ошондуктан балдарды ойлоп, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу эч жашырбай, жогоруда айтылган органдарга кайрылыңыз. Мисалы, эгерде кылмышкер менен бир үйдө жашоо сизге жана балдарыңызга кооптуу болсо, дароо милицияга кайрылып, убактылуу коргоо ордерин алсаңыз болот.
Ал убактылуу коргоо ордеринин негизинде бирге жашаган жерден кылмышкерди убактылуу чыгарып салуу жана жашы жете элек балдар менен катташуу бөлүгүндө анын ата-энелик укуктарын чектөө жөнүндө арыз менен кайрылсаңыз болот.
Жооп берген: Бекболот Касаболотов

Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу арызды кантип бериш керек?

Арыз жазгандын эч кыйынчылыгы жок. 
Үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда участкалык милиционерге, жергиликтүү милиция бөлүмүнө же түз эле 102ге чалып кайрылсаңыз болот. Ал кызматкерлер эмне жана качан болду, ким кылды, ким күбө, далил барбы-жокпу, кыскасы иштин чоо-жайын сурашат. Анан эмне жөнүндө кеп болуп жатканын түшүнгөндөн кийин, сиздин сөздөрүңүздү кагаз бетине түшүрүш үчүн арыздын бланкын беришет.
Ал жерде өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруп, иш боюнча эмне болгонун ирээти менен жазыңыз. Сиздин арызыңыздын негизинде расмий териштирүү болоорун эске алып, эмоцияга алдырбай толук маалыматты бергенге аракет кылыңыз. Эгерде зомбулуктун натыйжасында денеңизге, балдарыңызга кандайдыр бир зыян келтирилсе, аны да чагылдырыңыз, соттук-медициналык экспертизага жолдомо сураңыз. Арыздын аягында кылмышкерди жоопко тартуу жөнүндө өтүнүч коюңуз.
Сиздин арызыңызды сөзсүз түрдө милиция кызматкерлери кабыл алып, катташ керек. Антпесе, алардын үстүнө жетекчисине, прокуртаруга даттанып барсаңыз болот.
Мындан тышкары, ал арыз менен бирге убактылуу коргоо ордерин сурасаңыз болот.
Жооп берген: Бекболот Касаболотов

Зомбулукту тастыктаган кандай далилдер керек?

Эгерде үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча күбөлөр бар болсо, алардын тизмесин, байланыш номурларын бериңиз. Алардын көрсөтмөлөрү иш боюнча далил болушу мүмкүн. Андан тышкары, зомбулук болгон учурдун өзү же айлана-чөйрөсү аудио, фото, видеодо бар болсо, алар да далил болот.
Эгерде денеде кандайдыр бир жаракат, көгала болсо, алар тарап кете электе жарык жерде линейка же ручканын фонунда ченеп түшкөн сүрөтүңөр же видеоңор дагы далил болот.
Соттук-медициналык экспертизага жолдомо алып, аны өткөндөн тышкары жеке медициналык мекемелерге кайрылсаңыз ашыкча болбойт. Ал жерден кошумча тактама ала аласыз.
Жооп берген: Бекболот Касаболотов

Убактылуу коргоо ордеринин эмне пайдасы бар?

Ал зомбулук көрсөткөн адамга зомбулук жасоого жана жабыр тарткан адамдар менен түздөн-түз жана кыйыр катташууларга тыюу салат. Бул ордер 3 күнгө берилип, андан кийин арыз менен кайрылсаңыз 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Эгерде зомбулук көрсөткөн киши убактылуу коргоо ордердин шарттарын буза турган болсо, ал жоопко тартылат.
Мындан тышкары убактылуу коргоо ордеринин негизинде сотко бирге жашаган жерден кылмышкерди 6 айга чейин убактылуу чыгарып салуу жана жашы жете элек балдар менен катташуу бөлүгүндө анын ата-энелик укуктарын чектөө жөнүндө доо арыз менен кайрылсаңыз болот.
Андай доо арыз убактылуу коргоо ордери берилген учурдан тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн.
Жооп берген: Бекболот Касаболотов

Консультант

Бекболот Касаболотов
Бекболот Касаболотов
Адвокат, «Прецедент» өнөктөш тобу
Толугураак

Суроолоруңузду бизге жибериңиз

Сиз менен кантип байланышсак болот
Жардамдын же суроонун түрүн тандаңыз
0/4000
«Жиберүү» баскычын басуу менен сиз берген маалыматыңызды иштетүүгө уруксат бересиз