Качуунун планы

Качуунун планы

Бул жерде биз коркунучтуу учурда эмне кылышты айтып беребиз: жөнөкөй сөз менен айтканда кантип коопсуз качыш керек. Бул жердеги кадам түрүндөгү көрсөтмөлөрдү шпаргалка катары колдонуңуз. «PDF жүктөп алуу» жазуусун басып, телефонуңузга сактап алыңыз
Үч жагдайда эмне кылууну көрүү үчүн ар бирине басыңыз

1.Кооптуу жагдайда сунушталган иш-аракеттер

2.Кооптуу жагдайдан узаганда сунушталган иш-аракеттер

3.Коопсуз жагдай пайда болгондо сунушталган иш-аракеттер

Сиз жолдошуңуздун/өнөктөшүңүздүн кандай учурларда/шарттарда жини келип кол саларын билесиз жана бардык сценарийлерди алдын ала көрөсүз
Сиз милициянын, баш калкалоочу жайлардын, аялдар үчүн кризистик борборлордун, кошуналардын, досторуңуздун телефон номерлерин жатка билесиз жана телефонуңуз колуңузда болбосо дагы, аларга башка телефондон чала аласыз
Сиз жана сиздин балдарыңыз менен кооптуу учурда эмне кылышты алдын ала репетиция кылгансыз: балдар кимдир бирөөнү жардамга чакырып же батирден (үйдөн) чыгып кетиши керек экенин түшүнүүгө жардам бере турган атайын сөздөрдү же фразаларды сүйлөшүп алгансыздар
Сиз жана сиздин балдарыңыз батириңизди (үйүңүздү) канчалык тез, коопсуз жана билгизбестен чыгып кетүүнү билесиз
Курал катары колдонула турган буюмдарды (бычак ж.б.) жабык же кол оңой жетпеген жерлерде сактап койгонсуз
Телефонуңуз ар дайым жаныңызда (запастык телефонуңузду жашырып койгонсуз)
Кооптуу кырдаалда сиз ашканадан качасыз, ал жерде курч жана башка катуу нерселер бар болушу мүмкүн
Сизди муунтуу үчүн колдонула турган нерселерди кийбейсиз, мисалы шарф, жоолук, чынжырча
Чыр-чатак учурунда бурчта турбайсыз, анткени качып кетүү кыйын болот
Артыңызда курч бурчу бар үстөл же башка буюмдар турган жерде турбоого аракет кыласыз, эгер ал сизди түртсө, кооптуу болушу мүмкүн
Бөлмөнүн ичинде бир жерде турбай дайымда кыймылдасыз
Өнөктөшүңүз менен урушпоого аракет кыласыз, анткени ага зомбулук көрсөтүү үчүн гана себеп керек
Шек жаратпаган ар кандай шылтоолор менен батирден (үйдөн) чыгып кете аласыз
Бул адам менен жалгыз калбаганга аракет кыласыз
Досторуңузга, кошуналарыңызга же туугандарыңызга билдирүү жөнөтүп, тез арада келүүнү сурана аласыз. Алдын ала сүйлөшүп койгонсуз
Сизде жардам берүү үчүн анык бир сөздү же сүйлөмдү түзүп алгансыз. Кордогон адам аны түшүнбөйт, бирок башкалар маанисин билет
Сиздин буюмдар коопсуз жерде. «Керектүү нерселердин тизмеси» бөлүмүн караңыз
Эшикти оңой ача аласыз. Сизди кууп жетүүгө үлгүрбөй калган сценарийди түзүп алгансыз
Качуу оңой эмес. Бирок өмүрүңүздүн жана балдарыңыздын коопсуздугу үчүн качуу туура чечим