Керектүү нерселердин тизмеси

Керектүү нерселердин тизмеси

Бул сатып алуу тизмесине окшош жөнөкөй тизме. Анда аял коопсуздугу үчүн үйүнө келе албай калганда зарыл болгон нерселер жана керектүү документтердин тизмеси бар. «PDF жүктөп алуу» жазуусун басып, телефонуңузга сактап алыңыз
Үй-бүлөлүк зомбулук кырдаалында үйдөн чыгып жатканда, биринчи кезекте өзүңүздүн жана балдарыңыздын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Бирок даярданууга мүмкүнчүлүгүңүз болсо, төмөнкү нерселерди алдын ала чогултуп, аларды оңой ала турчу, бирок эч ким билбеген жашыруун жерде, мисалы, курбуңузда жана/же кошунаңызда сактоого калтырып коюңуз.
Тизмедеги пункттардын ар бирине басып эмне алууну көрүп алыңыз

1.Документтер

2.Акча жана баалуу буюмдар

3.Ачкычтар (дубликаттары)

4.Байланышуу каражаттары

5.Дары-дармектер

6.Жеке буюмдар

7.Өзүңүздү коргоо каражаттары

  • Паспорт жана/же өздүк картаңыз
  • Балдардын туулганы тууралуу күбөлүктөрү/паспорттору
  • Айдоочулук күбөлүк
  • Нике/ажырашуу тууралуу күбөлүк
  • Диплом
  • Сертификаттар
  • Камсыздандыруу полистери
  • Үйдүн же батирдин документтери/кызыл китеп
  • Өзүңүздүн жана балдарыңыздын медициналык карталары
  • Башка маанилүү документтер (пенсия картасы, майыптуулук картасы ж.б.).
  • Баарын алдын ала даярдап, эч ким билбеген коопсуз оңой алып кете алчу жерге сактап коюңуз.