Зомбулукка кабылгандардын жакындары, туугандары үчүн инструкция

Зомбулукка кабылгандардын жакындары, туугандары үчүн инструкция

Сиз тааныган адам үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын кантип билсе болот? Бул жерде көзгө анык байкалбаган белгилерди жана эмне кылуу керек же керек эмес экенин билип алыныз. «PDF жүктөп алуу» жазуусун басып, телефонуңузга сактап алыңыз
Эшиктин артында эмнелер болуп жатканын билүү мүмкүн эмес. Зомбулуктун белгилери дайыма эле ачык жаракат, теридеги тытыктар жана тактар менен таанылбайт. Көгөргөн жерлерди макияж же кийим менен жашырып коюуга болот, бирок психологиялык жараны жашыруу оңой эмес. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдардын эмоционалдык туруктуулугу начарлап, ал тургай депрессияга кабылышат. Бирок жардам суроодон уялышат же коркушат. Эгер сиз тууганыңызда, курбуңузда же таанышыңызда терс өзгөрүүлөрдү көрүп же сезип жатсаңыз, ага колдоо көрсөтүгө шашылыңыз. 

Үч сүрөттөмөнүн ар бирине басып, зомбулукка кабылган аялдын жүрүм-турумундагы кызыл белгилерди билип алыңыз

1.Зордук-зомбулукта жашап жаткан аял:

2. Психологиялык зомбулукта жашап жаткан аял:

3.Обочолонууга аргасыз болгон аял:

  • Үзгүлтүксүз барып жүрчү жолугушууларга барбай баштаганы байкалат
  • Жумушка же коомдук иш-чараларга эч кандай түшүндүрмөсүз көп жолу келбей калат
  • Ар дайым өнөктөшүнүн/жолдошунун каалоолорун биринчи орунга, ал эми өзүнүкүн экинчи орунга коёт
  • Денесинде жаракаттар, тактар же тытыктар пайда болуп турат жана алар жөнүндө сураганда, жооптон качат же «Мен абдан олдоксонмун, бир нерсеге урунуп алам», «Кечээ чалынып, керебетти сүзүп алдым» деген шылтоолорду айтат
  • Мезгилге туура келбеген жабык кийимдерди кийет жана бөлмө ичинде дагы көз айнек тагынат
  • Үй-бүлө тууралуу тема көтөрүлгөндө көз карашында коркуу пайда болот
  • Баарын өнөктөшү/жолдошу айтканындай жасайт
  • Дайыма өнөктөшүнө/жолдошуна чалып, өзү кайда экенин жана эмне кылып жатканын айтып турат
  • Өнөктөшүнөн/жолдошунан тез-тез телефон чалууларды жана билдирүүлөрдү алып турат
  • Өнөктөшүнүн/жолдошунун катаал мүнөзү, кызганчаактыгы жөнүндө сөз арасында айтат
  • Бул жерде зомбулук белгилеринин бир канчасы гана берилген. Адамдын жашоосунда жаман бир нерсе болуп жатканын үстүртөн байкоого болот. «Бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишип эмне кылам» деген ой менен өзүңүздү алыс кармабай, кыйналып жаткан адамдын акыбалын сурап, жок дегенде ага жакшы сөз айтканыңыз туура. Адамдын өзүнө болгон ишенимин арттырууга бир адамдын колдоо көрсөткөнү жетиштүү болушу мүмкүн.

    Эмне кылуу керек

    • 1«Кандайсың? Сени менен бир нерсе болуп жаткандай. Айтып берүүнү каалайсыңбы?» сыяктуу сөздөр менен кайрылыңыз
    • 2Кайсы белгилер сизди тынчсыздандырып жатканын белгилеңиз
    • 3Тилектештигиңизди көрсөтүңүз
    • 4Айтылган сөздөр экөөңөрдүн ортоңордо каларына ынандырыңыз
    • 5Сүйлөшүүгө даяр эмес болсо, басым жасабаңыз. Бирок анын жалгыз эмес экенин, каалаган убакта сизге кайрыла аларын айтыңыз
    • 6«Мен сага ишенем» деп кубаттаңыз
    • 7Айткандарын кылдат угуңуз
    • 8«Сага кандай жардам керек? Эмне кылайын?» деген суроолоруңуз менен өз жардамыңызды сунуштаңыз
    • 9Кандай чечим кабыл алса да, аны колдоңуз
    • 10Пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүңүз, мисалы аялдарга арналган кризистик борборлордун, юристтердин телефон номерлерин бериңиз

    Эмне кылбаш керек

    • 1Күтүлбөгөн жерде жана убакта аны менен эмне болуп жатканын таамай суроо
    • 2Айткандарын түшүнбөй, тактоочу суроолорду берүү
    • 3Көңүлүн көтөрүү максатында тамаша сөздөрдү же анекдот айтуу
    • 4«Андай нерсе боло берет» деп сооротуу
    • 5Күйөөнүн жүрүм-турумун жакшыртуу боюнча кеңештерди берүү
    • 6Анын үй-бүлөлүк мамилесине алдын ала баа берип, кимдир-бирөөнү күнөөлөө
    • 7Айткысы келбеген деталдар жөнүндө кайра-кайра суроо берип, басым жасоо
    • 8Дароо эле ондон ашык кеңеш берүү
    • 9«Эмнеге ал ушинтти?», «Эмне үчүн сен муну кылган жоксуң?» деген суроолорду берүү
    • 10Жардам жана колдоо көрсөтүү үчүн шарт коюу
    • 11Аялга эч нерсе кыла албаган адам катары мамиле кылуу
    • 12Зомбулуктун чындыгынан шектенүү
    • 13Зомбулук көрсөткөн адамдын кылыгына себеп табуу
    • 14Жабырлануучунун аракетин сындоо
    • 15«Эмнеге кетип калбайсың?» деп таң калуу
    • 16Өнөктөшү/жолдошу менен элдештирүүгө аракет кылуу
    • 17Айткан сөздөрүн башкалар менен талкуулоо