Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар үчүн инструкция

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар үчүн инструкция

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап жатсаңыз, эмне кылуу керек? Бул жердеги кадам түрүндөгү көрсөтмөлөрдү шпаргалка катары колдонуңуз. «PDF жүктөп алуу» жазуусун басып, телефонуңузга сактап алыңыз

Алты сунуштун ар бирине басып, андагы кадамдарды билип алыңыз

1.Коопсуздук планын түзүңүз

2.Милицияга кайрылыңыз

3.Ур-токмоктун издерин күбөлөндүрүңүз

4.Сотко кайрылыңыз

5.Коопсуздугуңузду камсыз кылыңыз

6.Ишти аягына чейин чыгарыңыз

Зордук-зомбулук кайталанса, эмне кыларыңызды алдын ала пландап алыңыз
Ишенген адамдарыңызга (досторуңузга, туугандарыңызга) зомбулук жөнүндө билдириңиз
Коркунучтуу жана коопту абалда бара турчу жерди эртерээк дайындап, сүйлөшүп коюңуз. Убактылуу башпаанекти досторуңуз, тааныштарыңыз же туугандарыңыз бериши мүмкүн
Үйүңүздөн ызы-чуу же кыйкырык чыкса, кошуналарыңыздын милиция чыкырышын, өздөрү жардамга келишин макулдашып алыңыз
Мүмкүнчүлүк болсо, ур-токмок, коркутуу фактыларын сүрөткө, видеого же диктофонго жаздырып алууга аракет кылыңыз
Үйдө курал-жарак бар болсо, (анын ичинде бычак, балта ж.б.) алар зомбулук көрсөткөн адамдын колуна түшүп калбашы үчүн катып салыңыз
Коопсуз, бирок оңой ала турган жерге бардык керектүү нерселерди даярдап коюңуз: акча, үйдүн запас ачкычы, телефон, паспорт, балдардын күбөлүктөрү, маанилүү документтер, кийим-кече, дары-дармек
Башынан эле кайсы балуу буюмдарды (зер буюмдар ж.б.) ала турганыңызды чечиңиз. Шашылыш болгон учурда, аларды сатып же күрөөгө кое аласыз
Зомбулук көрсөткөн адам сизди табууга жардам болчу нерселердин баарын жок кылууга аракет кылыңыз (күндөлүк, даректер жазылган конверттер ж.б.)
Сизге керектүү колдоо көрсөтө турган жергиликтүү кызматтардын телефон номерлерин алдын ала билип алыңыз (балким сиз жашап жаткан аймакта кризистик борборлор бар)
Зордук-зомбулук учурунда өзүңүздүн интуицияңызга ишенүү эң туура экенин унутпаңыз – кээде дароо качуу зарыл, кээде кырдаалга баа берип, өнөктөш/жолдошуңузду тынчтандыруу керек
Кырдаал абдан оор жана коркунучтуу болсо, керектүү нерселерди ала албасаңыз да, дароо үйдөн чыгып кетиңиз. Өмүрүңүздү тобокелге салбаңыз